АРПАНЫН АЛА-ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПАНЫН АЛА-ТООСУ, Жаман-Тоо-Ички Теңир-Тоонун түш.-батышындагы кырка тoo. Apпa өрөөнүн Алабуга – Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Уз. 110 км, туурасы 16 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түш. капталы тик, кыска, түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Беш-Талаа, Орто Сырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфоструктурасы – горст-антиклиналь, түш. жана түн. этектери тектон. жаракалар м-н чектешет. Apna капчыгайы (Кептеш) Жаман-Тоонун батышынан

АРПАНЫН АЛА-ТООСУ 27.png


өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп турат. Тoo девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат; пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу ж-а полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортонку бөлүгү ж-А түн. капталдары мөңгүлүү. Тоонун түш. капталынан Сокур-Булак, Кожогул, Бурана-Чап, Үч-Арча, Жаман-Даван, Кош-Чап-Суу, Арпанын Кашка Суусу, Борлуу, Миң-Бугу, Кыз-Коргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ич-Кашка-Суу, Сырт-Кашка-Суу (Алабуганын куймалары) башталат. Күнгөй беттерине субальп ж-а альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа ж-а альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.