АЛТЫБАЕВ Каныбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:34, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫБАЕВ Каныбек Аманович (15. 7. 1942, Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Көдүл айылы – 22. 4. 2005, Бишкек) – генерал-майор (1994). В. И. Ленин атн. Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1966), «Аткычтар» жогорку курсун (1972) бүткөн. Окуу жайын бүткөндөн кийин Түркстан аскер округунда взводдун командири, 1974–79-ж. Ош обл-нун Майлы-Сай, Ош ш-нда саясий бөлүмдүн начальниги, Ноокат р-нунун аскер комиссариатында бөлүмдүн начальниги, 1979–80-ж. Афганистандын Аскер Күчтөрүнүн тех, департаментинин саясий бөлүмүнүн начальнигинин кеңешчиси, 1980–95-ж. Ош обл-нун аскер комиссары, 1996-жылдан укук коргоо органдарынын жана күч структураларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.