АЙЫП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:32, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫП у к у к т а – Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте жана Кылмыш‑жаза кодексинде (КЖК) каралган негизги жазалардын бири; адм. укук бузуу же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан белгиленип, мамлекеттин пай­дасына күнөөлүүдөн өндүрүлүүчү акчалай сум­ма. Айыптын өлчөмү бир айлык акынын эң аз өл­чөмүнөн эсептелет. Административдик жоопкерчилик кодек­си боюнча Айыптын төмөнкү өлчөмү ал өлчөмдүн 0,1%инен кем эмес, ал эми кызмат адамдары үчүн айлыктын эң аз өлчөмүнөн 2 эседен кем алынбайт. Айыптын жогорку өлчөмү айлыктын эң аз өлчөмүнөн 20 эсе, кызмат адамдары үчүн 100 эседен ашпоосу тийиш. КЖКда Айыптын төмөнкү өлчөмү эң төмөнкү айлык акыдан 20 эсе, эң жогорку өлчөмү 1000 эсеге көбөйтүлүп белгилен­ген. Айып негизги жаза катары КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн нормаларында каралса гана салынат. Эгерде соттолгон адам Aйыпты төлөөдөн жүйөөсүз түрдө баш тартса, ал камак менен алмашты­рылат.
К. Эсенканов.