АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:56, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ – туюнтманын жалпы түрү алдын ала белгилүү болгон учурдагы анын белгисиз коэффтерин табуу ыкмасы. Р(х) жана Q(x) алг. көп мүчөлөрдөн турган түрүндөгү дурус бөлчөгүн (алымынын даражасы бөлүмүнүкүнөн кичине) чектүү сандагы жөнөкөй бөлчөктөрдүн суммасы түрүндө туюнтууга болот, мында А,В,С, a,p,q чыныгы сандар жана х2 + рх + q квадраттык үч мөчүсү чыныгы тамырга ээ болбойт. Мис., рационалдык туюнтмасы түрүндөгү бөлчөктөрдүн суммасына ажырайт. А, В, Сны табуу үчүн эки туюнтманы барабарлап, , жалпы бөлүмдөн кутулуп, окшош мүчөлөрүн топтоп, жөнөкөйлөштүргөндөн кийин түрүнө келет. Бул барабардык x тин бардык маанилеринде туура, ошондуктан х тин бирдей даражага ээ болгон мүчөлөрүнүн коэфф-тери барабар болот.

Анда:

системасын чыгарып, маанилерин табууга болот. Берилген туюнтманын ажыратылып жазылышы:
. А.к.м. дифференциалдык теңдемелерди чыгарууда, рационал­дык функцияларды интегралдоодо, көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратууда, сандык методдордо ж. б. маселелерде кеңири колдонулат. Мис., интегралынын жогоркудай ажыралышы пайдаланылганда, төмөнкүдөй интегралданат:
.


Ад.: Фихтенголъц Г. М. Курс дифференциального и интегрального исчисления. Т. 2.М., 1969; Смирнов В. И. Курс высшей математики. М., 1974.
Б. Э. Назаркулова.