АНТРОПОХОРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОХОРИЯ (антропо... жана гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу менен таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) жана айыл чарба техникалары менен жерди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), ошондой эле себүү учурунда үрөн менен (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. А-га, ошодой эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, алардын ичинде эгилме өсүмдүктөр да кирет.