АНТРОПОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОМЕТРИЯ (антропо... жана ...метрия) - адам денесинин морфол. өзгөчөлүгүн баалоо методдору менен ыкмаларынын жыйындысы. Ага бойду, салмакты, дененин сырткы келбетин, о. эле бир катар функциялык көрсөткүчтөрдү өлчөө кирет. А. медицинада, негизинен дене өсүшүн изилдөөдө, айрыкча балдардын өсүшүн текшерүүдө өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал – организмдин өсүшүнүн жана калыптанышынын көрсөткүчү. Бир жашка чейинки баланын бою, салмагы, баш, көкүрөк курчоосу ж.б. ай сайын, мектепке чейинки балдардыкы жылына кеминде 2 жолу, окуучулардыкы жыл сайын өлчөнөт. Мындай текшерүүлөр балдардын өсүү жана өөрчүшүндөгү кемчиликти өз убагында табууга мүмкүндүк берет. А. кишилерди диспансерлөөдө, армияга чакырылгандарды, спортчуларды мед. текшерүү жүргүзүүдө пайдаланылат. А. криминалистикада жана сот медицинасында да чоң мааниге ээ.