АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ‒ Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги 1‒5-к-га таандык эстелик. 1966‒67-ж. Кыргыз ССР ИАнын археол. экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалар дын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.