АЛМАЗДУУ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:17, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЗДУУ РАЙОНУ Россиянын Архангел облусунда; Архангельск шаарынан 70–100 км түндүк-чыгыш тарапта. Чыгыш Европа алмаздуу провинциясынын курамына кирет. 1970–80-ж. ачылган. Негизги алмаздуулук Зимнебережный кимберлиттүү талаасына байланыштуу; анда өнөр жайлык маанидеги 2 алмаз кени ачылган (М. В. Ломоносов жана В. Гриба атындагы кендер). Алардын суммардык запасы 350 млн карат, жалпы наркы 15 млрд доллар. Кимберлиттин жана ага тектеш магматизмдин өнүгүшү платформанын алгачкы герциндеги (соңку девон – ортонку карбон) активдешүү фазасы менен байланыштуу. Түтүктөр жайгашкан рифей, венддин терриген тектерин ортонку жана үстүнкү карбондун терриген жана карбонат тоо тектерин жана төртүнчүлүк мезгилдин жалпы калыңдыгы 20–50 м болгон чөкмөлөрү жаап жатат. Кимберлиттин алмаздуулугунун орточо өлчөмү 0,5-0,7 кар/г, кээ бир түтүктөрдө I кар/г га чейин. Кратер тектериндеги алмаздын орточо өлчөмү 0,3 кар /г, туфогендик колкодо – 0,9 кар/г, автолиттүү брекчияларда алмаз арбын 1,36 кар/г. Зергердик алмаздын өлчөмү 45% ке чейин.