АНЖЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЖЫР (Ficus carica) – өсүмдүктөрдүн тыттар тукумунун фикус уруусундагы субтропиктик мөмө дарагы. Бийикт. 12-15 м. Сөңгөгүнүн диам. 0,2 – 0,5 м. Тамыры жоон, бутактап өсөт. Күбүлмө жалбырагы жазы, 7 тилкелүү. Майда гүлдөрү ал мурут сымал, топ гүлү сиконияга чогулган. Ири мөмөсү көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, таттуу, жумшак, сал м. 32-77 г. Курамында

АНЖЫР 93.png

кант, пектин заттар, А, С, Blf В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Мөмөсү жумшак болгондуктан, көпкө сакталбайт. Жаңы кезинде, кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. А.– эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 50-80 жылга чейин мол түшүм берет. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кичи Азия, Иран жана Индияда жапайы түрү өсөт. Кавказда, О. Азияда, Крымда жапайы жана эгилме түрү бар. Кыргызстандын Ош обл-нда өстүрүлөт. Кызыл китепке катталган.