АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ– өсүмдүктү ил­дет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт жана чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кы­луу, түшүм жыйноо алдында пахта жалбыра­гын түшүрүү, минералдык жер семирткич чачуу, жа­йытка чөп эгүү, жандыктарды, айыл чарба шайманда­рын ташуу, медициналык жана ветеринардык жардам (оорулуу адам­дарды ташуу, дары‑дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү ж. б‑да пайдаланылат. Айыл чарбасында АН‑2, АН‑2М, ЯК‑12 самолёттору, МИ‑1НХ, КА‑15, МИ‑1, МИ‑2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минералдык жер семирткич, чөп уру­гун ж. б. чачуучу атайын аппаратуралар ор­нотулган. Анын жардамы менен бардык өсүм­дүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызыл­часы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи менен илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10‑40 кг), суюк уу химикаттарды (1 га жерге 5‑50 л) 5–10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюк­тук аз (5‑25 л) жумшалат. Мындай чандатып чачуу иштери адатта эртең менен (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүр­гүзүлөт.