АЛКОГОЛЯТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:32, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛКОГОЛЯТТАР ‒ спирттин гидроксид тобундагы суутек атому металлдар менен орун алмашуусунан пайда болгон туз сымал орг. бирикмелер. Алар спиртте жеӊил эрүүчү, ным тарткыч катуу заттар. Бир атомдуу спирттердин жалпы формуласы M(OR)n, мында n‒металлдардын кычкылдануу даражасы. Бир атомдуу спирттер менен жегич, жегич жер металлдарынын A-ы иондук бирикмелер, ажыроо t 200‒300 °C. Спиртте жана суюк NH3тө жакшы эрийт. Спиртке металл таасир этүүдөн алынат: 2C2H5OH+2Na→2C2 H5ONa + H2. Ар түрдүү орг. бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.