АЛКАКТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛКАКТУУЛУК, ө с ү м д ү к т ө р д ү н ‒ климат, топурак жана жер бетинин өзгөчөлүгүнө жараша тоо этегинен чокусуна чейин өзгөрүп жайгашкан өсүмдүк жамаатынын тилкелери. Өсүмдүктөрдүн түрлөрү тоолуу жерлерде А. б-ча жайгашат. Түздүктөн тоонун чокусун көздөй жогорулаган сайын жылуулук азайып, суук боло баштайт. Кыргызстан аймагы мелүүн жана субтропик алкактарынын чөл зоналарында жайгашып, анын өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт.