АРАЛ кыштагы Манас району

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АРАЛ 7 to АРАЛ кыштагы Манас району) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ– Талас обл-нун Манас р-ндагы кыштак. Кайынды айыл округунун борбору. Райондун борбору Покровка кыш-нан 16 км, Жамбыл темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңг. 1118 м бийиктикте жайгашкан. 1928-ж. отурукташкан. Калкы 1457 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз эл акыны ны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордук-этногр. музейи, китепкана, мад-т үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш
з-ду, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.