АЛИМОВ Олег Дмитриевич
АЛИМОВ Олег Дмитриевич (17. 9. 1923, Новосибирск ш. ‒ 22. 9. 2003, Кемерово ш.) ‒ техника илимд. доктору (1959), проф. (1961), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1965), акад. (1974), тоо-кен машиналарын түзүү жана өркүндөтүү б-ча адис, СССР жана Кыргыз ССРинин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты. Томск политехн. ин-тун бүтүргөн (1949), ошол эле ин-тта окутуучу, кафедра башчысы (1953), Кыргыз ССР ИАнын тоотектердин физикасы жана механика сы ин-тунда лаборатория башчысы (1965), директору (1966), Автоматика ин-тунун бөлүм
башчысы (1970), Кыргыз ССР ИАнын башкы окумуштуу секретары (1974), вице-президенти (1978). Кырг-нда инженердик илимдер академиясынын уюштуруучусу жана анын 1-Президенти. 950дөй ил. эмгеги бар. Жаӊы машиналарды түзүү б-ча ойлоп чыгарган 160 эмгегине авто
рдук күбөлүк берилген. Ленин, Элдер достугу ордендери менен сыйланган. Эмг.: Удар. Распространение волн деформацией в ударных системах. М., Наука, 1985; Гидравлические виброударные машины. М., Наука, 1990.