АЛИМБАЕВ Пахридин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИМБАЕВ Пахридин (1892, Ош обл., Ноокат р-ну, Ак-Булак кыштак ‒ 1983, ошол эле р-н, Караван кыш.) ‒ тамеки өстүрүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1950). Эмгек жолун 1931-ж. катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-ж. Ош обл-нун Ноокат р-нундагы «Кызыл-Кыя» совхозунда тамеки өстүрүүчү бригадада иштеп, кийин звеного жетекчилик кылган. 1949-ж. ал башкарган звено 3,4 га тамекинин ар гектарынан 18,8 ц түшүм алган. 1951‒55-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

АЛИМБАЕВ73.png