АЛИМ ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:06, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМ ХАН‒ 1800‒09-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миӊ династиясынын өкүлү, Нарбото бийдин уулу. А. х-дын энеси кыргыз болгондуктан, апасынын туугандары Момунбек менен Ырыскулбекти аскер башчы кылып дайындаган. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти жана Чымкентти ээлеген. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.