АЛИЕВ Осмонкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 9 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Осмонкул Эгембаевич (1903, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок-Арык айылы ‒ 1938, Бишкек) ‒ мамлекеттик жана саясий ишмер. Жергиликтүү орус-тузем мектебин (1916), Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) реалдуу (табият илимдер) окуу жайын (1917), Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун (1922), Москвадагы Свердлов атындагы Коммунисттик университетин (1930) бүтүргөн. Казак-кыргыз университетинде окуп жүрүп, ошол эле учурда комсомолдун Ташкент шааркомунда бөлүм башчы болуп иштеп турган. 1922‒24-жылдары комсомолдун Сыр-Дарыя облустук, Олуя-Ата шаардык, РКСМ Кыргыз обкомунда жооптуу кызматтарда, 1924-жылы Кыргыз обкомунун 1-секретары, РКП(б) Кыргыз обкомунун секретары болуп иштеген.

АЛИЕВ69.png

Ал ‒ «Эркин-Тоо» гезитинин (1924‒26), «Коммунист» журналынын (1926) биринчи редактору. 1930‒31-жылдары Кыргызстандын эл агартуу комиссары, 1932‒33-жылдары ВКП(б) Ош округкомунун 1-секретары, 1934‒36-жылдары ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Ош райкомунун 1-секретары болуп иштеген. 1937-жылы Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз айыпталып, 1938-жылы атылган. 1991-жылы сөөгү Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет-аза салты менен коюлган.