АЙНЕК КУМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК КУМУ – айнек чыгарууга пайдалануу­чу кварцтуу кум. Айнек кумунун таза сортторунда кремнийдин кош кычкылы Si02 99,5‑99,9% ке жетет. Айнек кумунда кремнийден башка алюминий, кальций, магний, калий жана натрийдин кыч­кылдары да болот. Эгер Айнек кумунда темир менен хромдун кычкылдары жана органикалык заттардын ко­шундулары болсо, тунук айнек жасоого зыянын тийгизет. Айнек чыгарууда кварцтуу кумдун 0,2‑0,5 мм өлчөмдөгү бүртүкчөлөрү 85‑90% болушу зарыл. Кыргызстанда Сөгөтту кварц куму кени менен Сулукту кварц куму кени Айнек кумунун ири кен­дерине кирет.