АЛЛОХТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛАХТОН (гр. allos ‒ башка, бөтөн, chthon ‒ жер) ‒ 1) башка жактан оошуп келген материалдардан пайда болгон тоо тектер жана кендер. Мис., өсүмдүк калдыктары суу менен агып барып, башка жерге топтолуусунан ташкөмүрдүн пайда болушу. 2) Аллохтон структурасы (аллохтон) ‒ тектон. кыймылдардын таасиринен алгачкы ордунан жылып келип, автохтон структураларын жаап калган бүктөлүүлөрдүн бөлүктөрү.