АЙНЕК БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:15, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК БУЛАСЫ– эритилген айнектен түрдүү жолдор менен даярдалган жасалма материал. Диа­метри 3,5‑100 мкм, уз. 20 км болгон үзгүлтүксүз жана диаметри 0,5 – 20 мкм, уз. 1‑50 см штапел­дик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдам­дуулугу (мисалы, кварц, кремнезем, коалин була­лары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогорку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү жана бышыктыгы, химиялык туруктуулугу менен мүнөздө­лөт. Айнек буласы текстиль буласы жана жылуулук өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуу­нун технологиялык үч түрү – эритилген айнек масса­сын чоюп‑созуу, айнек массасын борбордон чет­төөчү күчтүн жардамы менен агымдарга ажыратуу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була химиялык курамына жараша 500‑700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада Айнек буласы чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), ошондой эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пай­даланылат. Андан жасалган материалдарды полиэфир, кремний, органикалык чайыр менен чапташтыр­ганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алынат. Айнек текстолити жана айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 10­30 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөр­дү ороо үчүн, акустикалык материал жана катмар­луу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмө­лөрдүн тосмо конструкциялары катары колдонулат.