АРАБ ЧӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЧӨЛҮ–- Сахара чөлунун түн.-чыгыш бөлүгү. Нил д-нын өрөөнү менен Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түн. кендикте) Нубия чөлунө өтөт. Араб чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак жана акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка тоосу (эң бийик жери 2187 м\ Шаиб-эль-Банат чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түн.-чыгыш шамалы менен келген жамгыр жаап, кургак нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) ж. б. дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу менен камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде - дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде нефть, фосфорит кендери бар.

Г.Бакасова.