АЛЕКСИЙ II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:38, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСИЙ II, Р и д и г е р А л е к с е й М и х а й л о в и ч (23. 2. 1929, Таллин ш. ‒ 5. 12. 2008, Москва) ‒ Москва жана Бүткүл орус патриархы (1990-жылдан).

АЛЕКСИЙ II54.png

1964‒68-ж. Таллин, Эстон архиепископу, Москва патриархатынын иш башкаруучусу, Ыйык синоддун туруктуу мүчөсү. 1968‒88-ж. Таллин жана Эстон, 1988‒90-ж. Ленинград жана Новгород митрополити болгон. Бүткүл дүйнөлүк христиандык чиркөөлөрдү бириктирүү б-ча экуменисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмерлеринин бири. 1964‒87-ж. европ. чиркөөлөр Конференциясынын президенти (1987-жылдан анын Президиумунун төрагасы). Россия билим берүү академиясынын академиги (1993).