АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ ‒ байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миӊден 700 миӊге чейинки том); б. з. ч. 3-кылымдарда Александрия шаарында (Египетте) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан . Каллимахтын жетекчилиги менен Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Iнин тушунда китепкананын бир бөлүгү Серапис храмында сакталып турганда христиан фанаттары тарабынан, андан калганы 7‒8-кылымдарда жок кылынган.