АЙЛАНДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геометриялык өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кый­мылсыз борборунун айланасында берилген α бур­чуна карата ОМ = ОМ, MOM = α болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты боюнча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакта­лат. α = π болгондо, борбордук симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата баш­талмасынын айланасында α бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула ар кылуу туюнтулат:


Б.Э. Канетов.