АППАЛАЧИ
АППАЛАЧИ (Appalachian Mountains, индейлердин аппалачи уруусунун атынан) – Түн. Американын чыгышындагы орто бийик тоолордун системасы. АКШ менен Канаданын аймактарында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай 2600 кмге созулуп жатат. Басымдуу бийикт. 1300–1600 м, эң бийик жери – 2037 м (Митчелл чокусу). Кырка тоолордон, өрөөндөрдөн, платолордон, бөксө тоолордон турат. Түн. А. каледон, түш. А. герцин бүктөлүүлөрүндө пайда болгон. А-нин түн. жана түш.-чыгыш бөлүгү кристаллданган, батыш жана түш.-батышы негизинен чөкмө тоо тектерден (кумдук, доломит, акиташ) турат. Таш көмүр (Аппалачи көмүр бассейни), нефть жана күйүүчү газ, темир, титан, асбест кендери бар. Түн. А. (Мохок жана Гудзон д-нан түндүктө) – бийикт. 400–600 м болгон күдүрлүү бөксө тоо. Андан чокулары жылма, капталдары жантайыңкы Адирондак (1628 м), Жашыл тоолор (1338 м), Ак тоолору (1916 м) жана массивдери көтөрүлүп жатат. Too массивдери тектон. өрөөндөр (кийин мөңгүнүн аракетинен төрлөргө айланган) менен бөлүнгөн. Түш. А-нин кыр зонасы тик көтөрүлгөн Көгүлтүр кырка тоосунан (эң бийик жери 2037 м, Митчелл чокусу), көптөгөн жарыш кырка тоолордон жана массивдерден турат. Алар бири биринен эрозиядан пайда болгон кенен өрөөндөр (Чоң өрөөн) жана чуңкурчактар менен бөлүнгөн. Кыр зонасына чыгыштан Пидмонт, батыштан А. платолору тутумдашат. Түндүгүндө ийне жалбырактуу жана аралаш токой, 41° түн. кеңдиктен түштүктү карай тоо этектеринде жазы жалбырактуу токой (каштан, эмен, клён ж. б.). 1000 жден жогору аралаш жана ийне жалбырактуу токой өсөт.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. М., 1965; Физическая география материков и океанов. М., 1988.