АЛЕКСАНДР III
АЛЕКСАНДР III (26. 2. 1845, Санкт-Петербург ‒ 20. 10. 1894, Ливадия, Крым) ‒ Россиянын императору (1881‒94). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жерг. жана борб. бийликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земстволук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, ун-ттердин укугун чектеген жана цензураны күчөткөн. Анын учурунда О. Азия толугу менен Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-ж. Петербург ш-нда өткөн А. IIIнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстандан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта А. III Франция менен жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891‒93).