АЛЕБАСТР
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕБАСТР (гр. alebaster) ‒ бүртүкчөлүү түзүлүштөгү гипстин бир түрү; ак же ачык мала кызгылт түстө. Минералдуу сууларда, көбүнчө ысык булактарда чөкмө түрүндө пайда болот. О. кылымда Италия, Францияда А-дан вазаларды, статуэткаларды ж. б. даярдашкан. Майдаланган гипсти күйгүзүүдөн алынган бириктиргич материалдар да А. деп аталып, курулушта, чаптоо жана шыбак ишинде колдонулат.