АНТЭКОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТЭКОЛОГИЯ (гр. anto – гүл жана ... экология) – биоэкологиянын бир бөлүгү; өсүмдүктөрдүн гүлдөө жана чандашуу процесстерин изилдейт. Терминди 1904-ж. Ч. Робертсон киргизген. Азыркы учурда А. гүлдөрдүн экологиясы, гүлдөөнүн экологиясы жана ч а ң д а ш у у н у н экологиясы аттуу үч багыттан турат. Биринчи багыт экол. кырдаалды эсепке алуу менен гүлдөрдүн чаңдашууга ыңгайланышын, экинчи багыт жаратылыш факторлорунун (жарык, темп-pa, нымдуулук ж. б.) гүлдүн өсүү функциясына таасир этүүсүн жана үчүнчү багыт экол. факторлордун – гүлдөрдүн чаңдашуу процессине кыйыр таасир этүү менен бирге алардын өз ара көз карандылыгын изилдейт.