АЛДАМЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДАМЧЫЛЫК ‒ менчикке каршы кылмыштардын тобу. А. ‒ алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен башканын мүлкүнө же мүлк укугуна ээ болуу. А. кылмыш курамынын объектиси болуп жабырлануучунун менчикке деген укугу эсептелинет. Ал эми предметине ар түрдүү менчик мүлктөр жана мүлк укугу кирет. А. кылмыш курамынын объективдүү жагы төмөнкү белгилерден турат: 1) башка бирөөнүн мүлкүн, же мүлк укугун укукка жат түрдө акысыз алып коюу; 2) менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү; 3) башка бирөөнүн мүлкүн же мүлк укугун алып коюу менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланышы. Субъективдүү жагынан А. атайылап жасалган кылмыштарга тийиштүү. Мындан сырткары А-тын субъективдүү жагына кылмыштын белгиси катары кылмыштын максаты (жеке пайда көрүү) кирет. Субъектиси болуп акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам эсептелинет.
К. Бодобаев, К. Курманов.