АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕ ‒ алгебралык эки туюнтманы барабарлоодон алынган, fn=0 түрүндөгү теӊдеме, мында fn ‒ бир же бир нече өзгөрмөгө көз каранды болгон n-даражадагы көп мүчө (ni0). Бир өзгөрмөгө көз каранды болгон А. т. төмөнкүчө жазылат: a0xn+a1 xn‒1+…+an=0, мында n ‒ бүтүн оӊ сан, a0, a1,… an ‒ берилген сандар жана теӊдеменин коэфф-тери деп аталат, ал эми x ‒ өзгөрмө чоӊдук, анын сан маанисин табуу керек. Берилген А. т-лерди канааттандырган, б. а. xтин ордуна койгондо берилген теӊдемелерди теӊдештикке айландырган xтин маанилерин теӊдемелердин, о. эле төмөнкү көп мүчөнүн да тамырлары дейбиз: fn(x)=a0xn +a1xn‒1+…+an . Көп мүчөнүн тамырларын анын коэфф-тери менен байланыштырган Виет формулалары белгилүү, к. Виет теоремасы.

                                                                                                         А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.