АЗОБЕНЗОЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОБЕНЗОЛ, C6H5N=NC6H5– ароматтык эң жөнөкөй азобирикме, мол. с. 182,22. Саргыч ­кызыл кристалл. Б. эрүү t 68°С, сууда эрибейт, орг. эриткичтерде, эфирде, концент. уксус жана күкүрт к‑таларында эрийт. А. нитробензолду натрий гидрооксидинде цинктин спирттеги эрит­меси же жегич чөйрөдө натрий станити менен ка­лыбына келтирүүдөн жана нитробензолдун анилин менен реакцияга киришинен алынат. А‑дун геом. эки (цис- жана транс-) формалары бар. цис‑формасы транс‑формасы

                                            C6H5‑N	C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5


цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N

c

6h5‑n n‑c6h5

цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5

Булардын туруктуусу – транс‑формасы. А‑го ультракызгылт‑көк нурду таасир кылуудан анын цис‑изомери алынат. А‑ду щелочтогу цинктин чаңы менен калыбына келтирип, гидроазобензол (C6H5‑NH‑NH‑C6H5), А‑дун мол‑сына амин же окситопторду киргизүүдөн синтездик азобоёктор алынат. Аны 1834‑ж. нем. химиги Э. Мичерлих ачкан.

С. А. Адылов.