АНТИКЛИНАЛЬ
Jump to navigation
Jump to search
АНТИКЛИНАЛЬ (анти... жана гр. klino – төмөн ийем), антиклиналь бүктөлүүсүтоо тек катмарларынын балык жон тартып бүктөлүшү (к. сүрөт). А-дын борб. бөлүгү эзелки, ал эми чет жактары кийинчээрек пайда болгон катмарлардан турат. А. бир нече смден жүздөгөн мге созулушу мүмкүн (к. Буктөлуулөр).
А-дын ийилген жери – кулпусу, капталдары - канаттары, ошол канаттарынын кошулган жери октук бети деп аталат. Октук бет менен канаттардын мейкиндикте жайгашуусуна жараша тик, жантык, көтөрүлгөн жана жатып калган А. деген түрлөргө бөлүнөт. Узуну туурасынан бир нече эсе ашыктык кылса – сызыктуу А., ал бир аз чоңураак болсо, казанбак (купол) деп аталат.