АНТАРКТИКА АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИКА АЛКАГЫ– Жер шарынын эң түштүгүндөгү геогр. аймак. Антарктиданы жана аны курчаган океан сууларын, аралдарды ээлейт. Алкактын чеги адатта эң жылуу айдын (январь же февраль) 5°С изотермасы аркылуу жүргүзүлөт. А. а. ызгаардуу суук климаты, эң төмөнкү радиациялык балансы (жай айларынын орточо темп-расы нөлдөн төмөн болот), уюл түндөрүнүн узактыгы, антарктидада аба массаларынын үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Биол. жана геохим. процесстер өтө жай жүрөт. Мында Жер шарындагы бардык мөңгүлөрдүн 85,3% топтолгон. Муздан бошогон ачык жерлеринде гана суйдаң өскөн мамык чөп (мох), эңилчектер учурайт.