АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ– касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык ж. б.) түрдүү багыттар б-ча бирдей эмес тоо тектер. Минералдардын жана тоо тектин анизотропиялуулугу тоо тектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн жана кристаллдардын иреттүүлүгүнө жана микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоо тек массивдеринин аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы менен аныкталат; тоо-кен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык А-нын мааниси зор; ал кысууда жана чоюууга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мис., көмүрдүн
деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.