АНЕРОИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕРОИД (а... жана гр. neros – суу, б. а. суюктуксуз аракетке келтирүү), барометр анероид – атм. басымын өлчөөчү прибор. Ичиндеги аба сорулуп алынган, серпилгич болуш үчүн гофрирделген жука металл кутучадан турат. Абанын басымы көтөрүлгөндө, кутуча кысылып, өзүнө бекитилген пружинаны тартат, абанын басымы төмөндөгөндө, пружинанын ийилгени тартылат да, кутучанын үстүнкү капталы көтөрүлөт. Пружинанын мындай өзгөрүшү рычаг аркылуу ага бекитилген жебеге (В) берилет. Шкала (С) б-ча жебе кыймылдап басымды көрсөтөт. Өлчөө каталыгы 1-2 гПа. А. алып жүрүүгө ыңгайлуу болгонуктан, бийиктикти өлчөөдө да колдонулат.�.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы и измерения. JL, 1978..