АНДЫГЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДЫГЕН – Баткен р-нундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Уз. 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 1,08 м/сек. Жээгинде Говсувар кыш. жайгашкан.