АНД ТООЛОРУ
АНД ТООЛОРУ, А н д К о р д и л ь е р а с ы (инктердин тилинде а н т а – жез, жездүү тоо) – Жер шарындагы тоо системасынын эң узуну (9 миң км) жана эң бийиктеринен (Аконкагуа чокусу, 6959 м). Түштүк Американы түндүгүнөн бүт жана батышынан курчайт; Кордильеранын түштүк бөлүгү. Анд тоолру – соңку көтөрүлүүлөрдүн натыйжасында Анд (Кордильера) геосинклиналдык бүктөлүү кырчоосунун ордуна кайра пайда болгон тоо. Анд тоолору негизинен түстүү металл рудаларына (Борбордук Анд тоолору) бай, алдынкы жана тоо алдындагы ийилген жерлерде нефть, газ (Кариб, Борбордук Анд тоолору) кендери бар. Анд тоолору негизинен меридиан багытында жарыш жаткан Чыгыш Кордильера, Борбордук Кордильера, Батыш Кордильера, Жээк Кордильера кырка тоолорунан турат. Булардын аралыктарында ички бөксө тоолор менен платолор (Пуна, Альтиплано-Боливия менен Перуда) жана ойдуңдар жайгашкан. Табигый өзгөчөлүктөрү жана орографиясы боюнча Түндүк, Борбордук жана Түштүк Анд тоолоруна бөлүнөт. Түндүк Анд тоолору Кариб Анд тоолоруна, үч негизги Кордильерадан (Чыгыш, Батыш жана Борбордук) турган Түндүк-Батыш Анд тоолоруна жана негизги эки Кордильерадан (Батыш жана Чыгыш) турган, Экватордук Анд тоолоруна бөлүнөт. Борбордук Анд тоолору (28° түштүк кеңдикке чейин) Перу Анд тоолорун жана Борбордук Анд тоолорунун өзүн же Борбордук Анд тайпак тоосун камтыйт. Түштүк Анд тоолору Чили-Аргентина же субтропиктик Анд тоолоруна, Патагония Анд тоолоруна бөлүнөт. Анд тоолору алты климаттык алкакта (экватордук, түн. жана түш. субэкватордук, түш. тропиктик, субтропиктик жана мелүүн) жатып, чыгыш
(ылымта) жана батыш (айдарым) капталдарындагы жаан-чачындын өлчөмү кескин түрдө айырмаланып (айрыкча борб. бөлүгүндө) турат. А. т.
океан аралык суу бөлгүч болуп эсептелет. Андан Амазонка жана анын куймалары, о. эле Ориноко, Парагвай, Парананын куймалары, Магдалена д., Патагониянын дарыялары башталат.
А. т-нда дүйнөдөгү ири көлдөрдүн ичинен эң бийик тоо көлү – Титикака жайгашкан. Түн.-Батыш А. т-нан Борб. А. т-нун түштүгүнө чейинки
айдарым нымдуу капталдарын экватордук жана
тропиктик нымдуу токой (тоо гилеясы) ээлейт.
Ал үч бийиктик алкакка (тьерра-кальенте, тьерра-темплада жана тьерра-фриа) бөлүнөт. Субтропиктик А. т-нда дайыма жашыл кургак субтропик токою жана бадал, 38° түш. кеңдиктен түштүктө дайыма жашыл нымдуу жана аралаш токой өсөт. Бийик платолорго – түндүгүнө экватордук тоолуу парамос шалбаасы, Перу А. т-на
жана Пунанын чыгышына бийик тоолуу тропиктик кургак халка талаасы, Пунанын батышына жана 5–28° түш. кеңдиктердин аралыгындагы
Тынч океандык батыш жээкке чөл өсүмдүктөрү
мүнөздүү. А. т. – хина дарагынын, кока, картошка ж. б. баалуу өсүмдүктөрдүн мекени.
Ад.: Герт Г. Геология Анд. Пер. с нем. М., 1959;
Кордильеры Америки. Пер. с англ. М., 1967;
Физическая география материков и океанов. М., 1988.8.
Э. Султаналиев.