АНД ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (20)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНД ТООЛОРУ-- Анд Кордильерасы (инктердин тилинде а н т а – жез, жездүү тоо) - Жер шарындагы тоо системасынын эң узуну (9 миң км) жана эң бийиктеринен (Аконкагуа чокусу, 6959 м). Түш. Американы түндүгүнөн бүт жана батышынан курчайт; Кордильеранын түш. бөлүгү. А. т. – соңку көтөрүлүүлөрдүн натыйжасында Анд (Кордильера) геосинклиналдык бүктөлүү кырчоосунун ордуна кайра пайда болгон тоо. А. т. негизинен түстүү металл рудаларына (Борб. А. т.) бай, алдынкы жана тоо алдындагы ийилген жерлерде нефть, газ (Кариб, Борб. А. т.) кендери бар. А. т. негизинен меридиан багытында жарыш жаткан Чыгыш Кордильера, Борб. Кордильера, Батыш Кордильера, Жээк Кордильера кырка тоолорунан турат. Булардын аралыктарында ички бөксө тоолор менен платолор (Пуна, Альтиплано-Боливия менен Перуда) жана ойдуңдар жайгашкан. Табигый өзгөчөлүктөрү жана орографиясы б-ча Түн., Борб. жана Түш. А. т-на бөлүнөт. Түн. А. т. Кариб Анд тоолоруна, үч негизги Кордильерадан (Чыгыш, Батыш жана Борб.) турган Түн.-Батыш А. т-на жана негизги эки Кордильерадан (Батыш жана Чыгыш) турган, Экватордук А. т-на бөлүнөт. Борб. А. т. (28° түш. к. чейин) Перу А. т-н жана Борб. А. т-нун өзүн же Борб. А. тайпак тоосун камтыйт. Түш. А. т. Чили - Аргентина же субтропиктик А.т-на, Патагония Анд тоолоруна бөлүнөт. А. т. алты климаттык алкакта (экватордук,

түн. жана түш. субэкватордук, түш. тропиктик, субтропиктик жана мелүүн) жатып, чыгыш

Котопахи жанар тоосу.
Орографиялык схема

(ылымта) жана батыш (айдарым) капталдарындагы жаан-чачындын өлчөмү кескин түрдө айырмаланып (айрыкча борб. бөлүгүндө) турат. А. т. океан аралык суу бөлгүч болуп эсептелет. Андан Амазонка жана анын куймалары, о. эле Ориноко, Парагвай, Парананын куймалары, Магдалена д., Патагониянын дарыялары башталат. А. т-нда дүйнөдөгү ири көлдөрдүн ичинен эң бийик тоо көлү – Титикака жайгашкан. Түн.-Батыш А. т-нан Борб. А. т-нун түштүгүнө чейинки айдарым нымдуу капталдарын экватордук жана тропиктик нымдуу токой (тоо гилеясы) ээлейт. Ал үч бийиктик алкакка (тьерра-кальенте, тьерра-темплада жана тьерра-фриа) бөлүнөт. Субтропиктик А. т-нда дайыма жашыл кургак субтропик токою жана бадал, 38° түш. кеңдиктен түштүктө дайыма жашыл нымдуу жана аралаш токой өсөт. Бийик платолорго – түндүгүнө экватордук тоолуу парамос шалбаасы, Перу А. т-на жана Пунанын чыгышына бийик тоолуу тропиктик кургак халка талаасы, Пунанын батышына жана 5–28° түш. кеңдиктердин аралыгындагы Тынч океандык батыш жээкке чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. А. т. – хина дарагынын, кока, картошка ж. б. баалуу өсүмдүктөрдүн мекени.
Ад.: Герт Г. Геология Анд. Пер. с нем. М., 1959; Кордильеры Америки. Пер. с англ. М., 1967; Физическая география материков и океанов. М., 1988.8.
Э. Султаналиев.