АНГРЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГРЕН– Өзбекстандагы шаар. Ташкент облнун аймагында. Ахангаран д-нын жана Ташкент – Кокон автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. 1946-ж. ачылган Ангрен көмүр бассейнинин негизинде отурукташкан кыштактардын биригишинен пайда болгон. Калкы 127,7 миң (2010). Күрөң көмүр казып алуунун борбору. Көмүр-каолин комплексы, хим.-металлургия, азот жер семирткичтери, резина тех. буюмдарын өндүрүүчү з-ддору, курулуш материалдар өнөр жай өндүрүшү, 2 ГРЭС, пед. ин-т, тарых-край таянуу музейи бар. Шаарга жакын алтын кенин казып алуучу рудник иштейт. Ангстрем – метрдин он млрдан бир үлүшүнө барабар болгон системадан тышкаркы узундук бирдиги. Е тамгасы менен белгиленет. 1 Е =10−10 ж=0,1 нм. Швед физиги Ангстремдин урматына аталган. А. физика жана химияда кенен колдонулуучу чондук.