АДЫЛ баатыр

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:43, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЫЛ СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) – 19‑кылымдын орто ченинде­ги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрө­сүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз беги­нин» бири болгон. Адыл Ормон ханда аскер баш­чысы катары кызмат кылып, баатыр атка кон­гон. 1847‑жылы Кенесары Касым уулунун баскын­чылык менен келген колуна каршы согушта көр­сөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855–59‑жылы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабы­шына катышкан. Орус бийлигине моюн сунба­гандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошуу­ну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткун­далып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
Р. Жолдошов.