АНАДЫРЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:20, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАДЫРЬ – Россиянын түн.-чыгышындагы дарыя. Уз. 1150 км, алабынын аянты 191 миң км2. Анадырь бөксө тоосу жана Анадырь түздүгү аркылуу агат. Анадырь булуңундагы Онемен булуңуна куят. Орт. чыгымы 1680 0 м3/сек. Октябрдан майдын аягына чейин тоңот. Марков кыш-нан тартып кеме жүрөт (570 км). Төмөнкү агымында балык кармалат.