АЛАЧЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЧЫК ‒ көчмөн элдерде колдонулуучу өтө жупуну турак жай. Анын жапма А., буума А., сайма А., чөп А. деген түрлөрү бар. Жапма А. түндүккө сайылган керегесиз ууктардын үстүнө үзүк жабылып жасалат. Бир нече жыгачтардын учун бууп, анын үстүн кийиз, тери ж. б. менен жапса, буума А., чөп менен жапса, чөп А. деп аталат. Сайма А. эӊ алгачкысы болуп саналат. Аны уукка окшогон бир нече узун таякчаларды жерге сайып, баштарын жип менен бириктирип, түндүккө тешик калтыра байлап, үстүнө кийиз (кыргыз, казак ж. б. элдер), терилерди, кайыӊдын кабыктарын (алтайлыктар) жабышкан. А-ты негизинен көчмөн элдердин кедей-кем багалдары пайдаланган.