АДМИРАЛ
АДМИРАЛ [(ар. Амир аль (бахр) – деңизде бийлик кылуучу)] – аскер‑деңиз флотундагы жогорку аскердик наам. Алгач европалыктар Адмирал түшүнүгүн түз маанисинде кабылдашып, мисалы, Колумбга «Океандын адмиралы» деген наам ыйгарышкан. Бирок негизинен мусулмандар да, алардан деңиз иштеринин көп жактарын өздөштүрүшкөн христиандар да Адмирал деп флот же эскадрага командалык кылгандарды аташкан. 18‑кылымдан флот Адмирал (армиянын генералы наамына тете), адмирал (генерал‑полковник), вицеадмирал (генерал‑лейтенант) жанa контрадмирал (генерал‑майор), ошондой эле инженердик кеме курамы үчүн контр‑Адмирал- инженер, вице- Адмирал-инженер, инженер жана Адмирал -инженер деген наамдар пайда болгон. Кыргызстанда биринчилерден болуп Темиров Марат жогорку аскер‑деңиз чини – контр‑Адмирал наамын алган.