АЛАБУГАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАБУГАЛАР (Pezca) ‒ балыктардын алабугалар тукумунун уруусу. Уз. 50 смге, салм. 2‒3 кгга жакын, көпчүлүгү ала көгүш келип, кабырчыктары жок. Анын 3 түрү (кадимки, балхаш жана сары А.) бар. Кадимки А. Евразиянын тузсуз сууларында кеӊири таралган. Кыргызстандын Чүй, Талас сууларында, Ысык-Көлдө жана ага куюучу сууларда кездешет. Ысык-Көлдө анын 2 түрчөсү жашайт. Апрель айында көл өсүмдүктөрүнө 10‒20 миӊдей уругун таштайт. Көлдө өскөн балыр, курт-кумурска, моллюска, үлүл, муунак буттуулар жана алардын личинкалары менен азыктанат. Ага балык уулоо жүргүзүлөт.