АЛА ГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА ГҮЛ (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын уз. 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү А. г. кеӊири таралган. Алтай А. г. тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.