АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ ‒ б. з. ч. 1-миӊ жылда ‒ б. з. 13‒14-к-на мүнөздүү археол. эстелик. Нарын ш-нан 6км батыш тарапта, Нарын д-нын оӊ өйүзүндө, Ала-Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. 125тен ашуун таш дөбө-мүрзөдөн турат. Көрүстөндөгү адамдын сөөктөрү топурак жана казанактуу көрлөргө коюлган. Сөөктү көмөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган көрүстөн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереӊдикте үзөӊгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуӊкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу жана көрүстөндүн бир жерине чуӊкурча казып, буюм жашыруу енисейлик кыргыздарга мүнөздүү салт. Окумуштуулардын пикири б-ча енисейлик жана теӊиртоолук кыргыздардын маркумду көмүү салтындагы айрым элементтеринин окшоштугу алардын этномаданий жалпылыгынан кабар берет. Байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар жана алар орнотулуучу төрт чарчы таш коргончолор бар. А. к-н 1945‒49-ж. А. Н. Бернштам , 1954-ж. А. К. Кибиров , 1989-ж. К. Ш. Табалдиев жана Ю. С. Худяковдор изилдешкен.

                                                                                                                      К. Табалдиев.