АЛА-БУКА РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:21, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА РАЙОНУ Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-ж. апрелде, Кызыл-Жар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал району кошулган. 1963-ж. Жаӊы-Жол (Аксы) району менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, батышынан Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аянты 3 миӊ км2. Калкы 89,7 миӊ (2011). Райондо 41 кыштак, 8 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Ала-Бука кыштагы.
Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Каба-Сай кендеринин мааниси зор. Ошондой эле Терек-Сай алтындын чачыранды кени, Боз-Эмчек алтын, жез жана полиметалл, Касан-Сай сурьма кени бар. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орточо температурасы ‒10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы ‒20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300‒400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Ала-Бука, Чанач-Сай, Терек-Сай, Сумсар, Касан-Сай суулары агып өтөт. Суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деӊиз деӊгээлинен 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300‒2500 м бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө жана адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж.б. аралаш жаӊгак, деӊиз деӊгээлинен 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы ‒ жайыт ээлейт.
Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), ошондой эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы ‒ 1 км2ге 26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан. Чарбасынын негизин дыйканчылык жана мал чарбасы түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 150,1 миӊ га, анын ичинде 21,3 миӊ га айдоо жер (анын 12,9 миӊ гасы сугат жер), 258 га чабынды, 129,8 миӊ га жайыт,

АЛА-БУКА РАЙОНУ18.png

861 га бак-дарак; 117 га саздак жери бар. Райондо жеке, дыйкан, фермердик чарба, айыл чарба кооперациялар уюшулган. Аларды Зеӊги-Ата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн менен камсыздайт. Дан эгиндери, жүгөрү, тамеки, май алынуучу өсүмдүктөр айдалып, жашылча, мөмө-жемиш багы өстүрүлөт. Райондо кара мал, кой-эчки, жылкы (анын ичинде бээ) асыралат. Үй куштары багылат.
Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш, тамеки ферменттөөчү заводдор ж. б. иштейт. «Техник» акционердик коому макарон, «Достук-Калача» фирмасы шарап даярдайт. Кыш заводу иштейт.
Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-ж. Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. Учурда райондо 36 мектеп (анын ичинде 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч), 13 бала бакча, «Жоогазын» эс алуу лагери (Чанач-Сай кыштагында, 500 орундуу), балдардын билим берүү борбору ачылган. Анда балдардын чыгармачылык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат.

Т. Төрөбекова.