АКШАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКШАК‒ тартылган дандын элегенден кийинки кесеги; дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган азык. А. таруу, күрүч, жүгөрү, арпа, сулу, буудай жана буурчактан тартылат. Адегенде данды калбырлап, жууп, тазалап, кургатат. Сокуга салып, күйшөп, кабыгынан ажыратат. Тегирменге же жаргылчакка тартып, элек менен эленет. А-тан ботко, А. жарма ж. б. жасалат. Бүгүнкү күндө атайын технология менен А-тын көп түрлөрү даярдалууда.