АКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЦИЯ (лат. actio ‒ аракет, иш, операция) ‒ акционердик коом (АК) тарабынан жүгүртүү үчүн чыгарылуучу жана анын ээсине (акционерге ) АКнын кирешесинин бир бөлүгүн дивиденд түрүндө алууга, АКны башкарууга үлүштүк катышка, АК жоюлган учурда калган мүлктүн бир бөлүгүн, ошол коомдун жаӊы чыккан акцияларын адегенде алууга, рынокто эркин сатып алуу ‒ сатууга укук берүүчү баалуу кагаз. А-да көрсөтүлгөн акча суммасы анын номиналдык наркын, ал эми А. курсу ‒ баалуу кагаздар рыногунда А. жүгүртүлүүчү бааны (рынок наркы) билдирет. А. төмөнкү реквизиттерди камтыйт: баалуу кагаздын аталышы; эмитенттин аталышы жана анын жайгашкан орду; катар номери; номиналдык наркы; чыгарылган акциялардын саны; чыккан датасы; түрү (жөнөкөй же артыкчылыктуу); чыккан датага карата АК уставдык капиталынын өлчөмү; дивиденддерди төлөө мөөнөтү; ээсинин аты-жөнү (даректүү акция үчүн); каттоочунун жана банк-агенттин аталышы жана жайгашкан орду; эмитенттин колтамгасы жана мөөрү. А. фонд биржаларында жана фонд рыногунун компьютердик биржадан тышкаркы системасы аркылуу адис ортомчулардын (брокерлердин жана дилерлердин) жардамы менен сатылат жана сатып алынат. Кырг-нда акционердик коомдор пайда болгондон тартып А. чыгарыла баштады.