АКЦИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЦИЗДЕР (лат. dere ‒ кесем) ‒ эл кеӊири керектөөчү товардын, о. эле кызмат көрсөтүүнүн баасына кошуу менен алынуучу кыйыр салыктын түрү. Акциздик товарларга алкоголдук жана тамеки продукциялары, жеӊил машиналар, зергер буюмдар, нефть продуктылары, накта булгаарыдан жасалган кийимдер, хрусталь идиштер, ок атуучу куралдар, килемдер, кофе жана какао кирет. А. өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүү товарларынан мамлекеттин казынасына түшүрүү үчүн салык А. салыгы деп аталат. А. салыгын төлөөчүлөргө акциздик товарларды өндүрүүчү жана соодалоочу ишканалар кирет. Салык өз убагында айдын он бешинен кечиктирбей төлөнөт. А. чендери чен коюу методу б-ча төмөнкү түрлөргө: туруктуу, өзгөчө (абсолюттук суммада) жана адвалордук (% менен) болуп бөлүнөт. Зергер буюмдардан жана жаратылыш газынан башка акциздик товарлардын бүт түрүнө өзгөчө чен колдонулат. Чендин түрлөрүнө карата А. салыгы: бирдиктүү А. ‒ баасы жана сапаты жагынан аз айырмаланган сорттогу товарларга; дифференцияланган А. ‒ ар түрдүү мааниде: сапаты, күчү (вино) б-ча классификацияланган товарларга; орточо А. ‒ баалары сортторуна жараша ар түрдүү болгон (тамеки түрү) бир типтүү товарларга ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Кырг-нда А.салыгынын формасы, убактысы КРдин Өкмөтү тарабынан белгиленет, к. Салыктар .